super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Судьяларды тандоо кеңешинин ишиндеги укук бузууларды ачыктады

 
Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети "Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндө" мыйзамдын аткарылышындагы укук бузууларды ачыктады. Комитет тийиштүү мыйзамдын аткарылышын 2014-жылдын май айында текшерип чыккан. 
Жүргүзүлгөн текшерүүдө булар белгилүү болду: Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорун түзүү учурунда кеңештин мүчөлөрүнүн жыйналышка катышуусун эсепке алуу боюнча, жыйналышты кийинкиге калтыруу жөнүндө чечимдер боюнча, укук бузуулар, кеңештин мүчөлөрүнүн себепсиз жыйналышта жоктугу, бөлүнгөн каражаттарды чыгымдоодо укук бузуулар. Тактап айтканда, кеңеш судьяларды тандоо боюнча ишти бир кыйла кемчиликтер жана укук бузуулар менен өткөргөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалым кат жана чечимдин долбоору даярдалды. Жакында "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" мыйзамды комитеттин жыйналышында карап чыгуу пландалып жатыптыр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: