super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Грузиянын премьер-министрине көңүл айтты

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Грузиянын экс-президенти Эдуард Шеварднадзенин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвилиге көңүл айтты. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Эдуард Шеварднадзенин көз жумганына байланыштуу сизге жана жалпы грузин элине чын дилден көңүл айтам. Бул чыгаан саясий жана мамлекеттик ишмердин атына азыркы грузин жана советтик тарыхтын бүтүндөй доору байланышкан. Ондогон жылдар бою Грузия жана СССРде жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштеп, бир нече жыл Грузияны жетектеп өлкөсүнүн өнүгүшүнө ал ири салым кошту",- деген Оторбаев анын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирет. 
Эскерте кетсек, Эдуард Шеварднадзе 7-июлда 86 жаш курагында көз жумду. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: