super.kg logo

Рыскул Боронбаев, Маданият министрлигинин Улуттук маданий борборунун жетекчиси: "Мейкин Азия" Эл аралык фестивалы өткөрүлбөй калды"

 

2014-жылдын 16-20-июлуна белгиленген популярдуу музыка аткаруучулар арасындагы “Мейкин Азия” фестивалы өткөрүлбөй калды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Улуттук маданий борборунун жетекчиси Рыскул Боронбаев 9-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, бул эл аралык фестиваль каражаттын жоктугунан келерки жылга жылдырылды.

"Бардык каражаттар Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюнуна которулганына байланыштуу фестивалдын каражат жагы чечилбей калды. Ушундан улам бул фестивалды 2 жылда бир уюштуралы деп чечтик",-дейт Рыскул Боронбаев.

Кошумчалай кетсек, “Мейкин Азия” Эл аралык фестивалы Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөрүлүп келген. Фестивалдын негизги максаты - чыгармачылык диалог аркылуу дүйнөлүк маданий мурастарды сактоо, жаш, таланттуу аткаруучуларды аныктоо жана колдоо, Кыргызстандын эл аралык туризм индустриясын өнүктүрүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.07.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талиева турганда мындай иштердин кобу каражатка байланыштуу болбой калат
09.07.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан эле бир нерсени эптеп кетишчу эле. Коншу олколрго уят эле. Не деген адам болдук. Алар фестифалга каттуу даярданышса керек эле. Башында ар жылы деп алып, эми 2 жылда бир дегенине тушунбой эле калышкандыр
09.07.2014. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul kundorda otoor. Kele4ek aldyda.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: