"Мамлекетке 2,5 миллион сом зыян келтирди" деп шектелген Коргоо министрлигинин кызматкерлеринин иши прокуратурага өткөрүлдү
КРнын Коргоо министрлигинин айрым кызматкерлери “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп шектелишүүдө. Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-июлда кабарлады.
Маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы аскердик шаарчага имараттарды, курулуштарды курууга 197 миллион 149 472 сомду камтыган тендер өткөрүлгөн.
Айрым кызматкерлердин кызмат абалдарынан пайдалануусунан улам аткарылган иштерге көтөрүлгөн баа коюлган. Жыйынтыгында мамлекетке 2 миллион 482 900 сом зыян келтирилген.
Учурда аталган факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Аскердик прокуратурага өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.