super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы мектепке чейинки билим берүү долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

 

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк" долбоору (Мектепке чейинки билим берүү долбоору) боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган. 

Ага ылайык, КРнын Каржы министрлигине Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу 9-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: