Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы насыя берүү боюнча макулдашуу ратификацияланды
Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку
Кеңеш ушул жылдын 30-июнунда кабыл алган “Кыргыз өкмөтү менен Польша өкмөтүнүн ортосундагы байланышкан жардамдын алкагында насыя берүү
тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамына кол койду.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Мыйзамга ылайык, өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Польша өкмөтүнө Кыргызстан тарабынан көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда президент аппараты билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

