super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибековдун соту боло турган имаратты милициялар курчап турушат, учурда депутаттын келиши күтүлүүдө

 

Бүгүн, 10-июлда Ахматбек Келдибековдун иши боюнча алгачкы сот отуруму болот. Азыркы тапта Биринчи Май райондук сотуна депутаттын келиши күтүлүүдө. Учурда райондук соттун айланасы 100гө чукул милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

Келдибековго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Сот отуруму 10-июлда саат 10:00дө болору белгиленген. 

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 2013-жылы 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 айга камоо чечимин чыгарган. ЖКнын депутатын үй камагына чыгаруу талабы менен Бишкек жана Ош шаарларында бир нече жолу акциялар өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: