super.kg logo
  Саясат  

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

 

Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондуна Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: