super.kg logo
  Саясат  

Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификацияланды

 

Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы  гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) ратификациялоо  жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Ратификацияланган документке ылайык, КРнын Каржы министрлигине Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо милдети тапшырылды. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу 9-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: