super.kg logo

Ош. Чоң-Алайда селден улам жабыркаган каналдарды калыбына келтирүүгө 200 даана габиондук торчо, 800 литр күйүүчү май бөлүнөт

 

9-июлда Оштун Чоң-Алай районундагы селден жабыркаган айылдарды жеринен көрүү үчүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев барды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Анда маалым болгондой, Кашка-Суу айыл аймагынын Ачы-Суу айылынан 2-июль күнү нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел алып кеткен Така, 25, Цемент каналдарын жана Така көпүрөсүн көрүп, аларды калыбына келтирүүгө курулуш материалдарын берүүнү жеринде чечти.

Нөшөрлөгөн жаандан улам пайда болгон сел жогорудагы каналдардын башкы курулмаларын жана көпүрөнүн темирлерин агызып кеткен. Кашка-Суу айыл аймагы тарабынан каналдар убактылуу иштөө үчүн гана калыбына келтирилип, көпүрө болсо ошол бойдон турган. Абалды жеринен көргөн министрдин орун басары каналдарды калыбына келтирүүгө 200 даана габиондук торчо, 800 литр күйүүчү май жана көпүрөгө 13 600 килограмм цемент менен 1365 килограмм арматура бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алып, алардын аткарылышын уюштурууну ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримовго тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: