super.kg logo

Суу чарба департаменти: “Сугат суунун тартыштыгынын себеби мөңгүлөрдүн эрибегенинен келип чыгууда”

 

“Тоо мөңгүлөрүнүн эрибей жаткандыгы сугат суунун жетишпегендигинин негизги себеби болууда”,- деди бүгүн, 10-июлда маалымат жыйынында КРнын Суу чарба департаментинин башчысынын орун басары Тилек Исабеков.

Анын айтымында, 2014-жылы жалпы Кыргызстанда суу тартыш болуп жатат. “Мөңгүлөр абанын температурасы +25, +27 градус болгондо эрий баштайт. Тилекке каршы, акыркы мезгилде тоолордо жамгыр жаап, аба +18 градуска чейин гана көтөрүлүүдө”,- деп түшүндүрдү Исабеков.

Чүй облусу боюнча суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткуловдун билдиришинче, аймакта суунун жетишпегендигинен улам Орто-Токой суу сактагычындагы суу сугатка пайдаланылууда. “Негизинен, сугат суу облустагы жүгөрү, кант кызылчасы жана башка жашылчаларды сугарууга иштетилет. Ал эми дан эгиндери 2 аптадан бери сугарылбай турат”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.07.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизден суу ичкен узбек казактарда тартыштык жок.
10.07.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
suunun ailasyn tapkyla ki4ine eldi oilop talaalary kuruvatat ar wyltoonu aita berbey erten owol egin dandy siler berbeysiner ozdoru menet kyltat baykuwtar meenetin esiz kylbagyla!
10.07.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Монгулорду ээритип эмне кыласынар, тонуп тура бергени жакшы эмеспи. Биринер айтасынар климат ысып монгулор ээрип жатат,сактап калышыбыз керек деп.Доже мыйзамда кабыл алдынарго.А департамент болсо ээрибей датат деп .мен эч нерсе тушунбой калдым.
10.07.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбекстан менен Казахстанга сата берип, озубузго калбай калды десенер. Жалган эле монгуго шылтабай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: