super.kg logo

Казакстанда 22 жаштагы баланын энеси көз жумган уулунун органдарын бейтаптарга берүүгө макул болду

 

Казакстандын Актөбө облусунда 22 жаштагы баланын энеси көз жумган уулунун органдарын бейтаптарга берүүгө макул болду. Уулу жол кырсыгына кабылып, 20 күн комада жаткан. Анын жүрөгү токтоп калганда жандандыруу бөлүмүндө бардык аракеттер көрүлгөнү менен, ал дүйнө салган. Бул тууралуу 9-июлда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Актөбө облусундагы трансплантация боюнча координатор Валентина Арыстанова: "Бейтап көз жумганда биз анын апасы менен сүйлөштүк. Баласы каза болгонун, бирок анын органдары башка адамдардын өмүрүн сактап кала алышын түшүндүрдүк. Анын ички органдары жаракат алган эмес жана ал эч кандай ооруга чалдыкпаганын текшерип чыктык. Энеси баарын түшүнүп, трансплантацияга макулдугун берди. 

Сызганов институтунан 13 адамдан турган бригада учуп келип, операция жасашты. Актөбөдө биринчи жолу каза болгон адамдан донордук органдар алынды. Биздин биринчи тажрыйбабыз ийгиликтүү болду. Бизде органдарга муктаж болгон жарандардын тизмеси бар",- деп билдирген.

Актөбөлүк жарандын органдары кимдин өмүрүн сактап калганы тууралуу маалымат ачыкталбаганы менен, боорду көчүрүү боюнча операция жасалганы айтылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
10.07.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХтын алдында катип жооп берет эми энечи
10.07.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сооп иш кылды бирок,озуно да да куноо болуп калды. Бирок ,тушунуу менен оз макулдугу менен кылганы жакшы,алданып аферисттердин колуна тушкондон коро.
10.07.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Европада кобунун донордук паспорттору бар. Анда кайсы органдарынды бергин келсе ошолорду тастыктаган документ.Канчалаган адамдар орган кутуп кезекте. Негизи жакшы еле иш. Мен бир убакта ойлонгом ошондой паспорт алсамбы деп. Бирок оз ыктыярын менен баары.
10.07.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы иш кылган. Сооп иш. Башка адамдын өмүрүн сактап калса жаманбы.
11.07.2014. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Байкуш бала
11.07.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мисалы буюрса менин мындай ниетим бар. Эгерде (кудай сакта эгер тагдыр ошондой болуп калса ) мен каарыбай оорубай олуп калсам, тетиктерим жарамдуу болсо " Мен олгондо бут органдарымды пересадка кылып , Тушкон каражаттын 30% балдарыма, 70% балдар уйуно откоруп бергиле " деп кагаз таштап кетким бар.
11.07.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akjol1989, оомеей кой антпечи журокту тушуруп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: