Тажикстан: “Баткендеги атышууну кыргыз чек арачылары баштап, бир адам каза тапты"
Тажикстандын ММКлары жергиликтүү милиция кызматкерлерине шилтеме берүү менен "бүгүн, 10-июлда Баткен облусунда болгон атышууну кыргыз чек арачылары баштап, 1 адам каза тапты жана 5 адам жаракат алды" деп жарыялашты.
Маалыматта "Атышуу бүгүн саат 11:00 чамасында Ворух аймагынын Бедек кыштагында орун алды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө" деп айтылат.
Мындан тышкары Тажикстандын Согди облусунун башчысынын орун басары Жумабой Сонгинов окуя боюнча кабардар эмес экенин айтат. "Бүгүн, 10-июлда Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму күтүлмөкчү. Анда чек арадагы жолдорду, көпүрөлөрдү куруу маселеси каралышы пландалган",- дейт Сонгинов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

