super.kg logo
  Саясат  

Чек ара кызматы: "Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кыргыз тараптан жаракат алгандар жок"

 

Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 10-июлда Баткенде болгон кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусунан кыргыз тараптан жаракат алгандар жок экенин SUPER.KG порталына билдирди. Маалым болгондой, кагылышуу Баткендин Ак-Сай айылындагы Тамдык тилкесинде болгон. Ок атышуу тажик жарандарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам чыккан. "30га жакын тажик жараны Кыргызстандын аймагындагы Геревшин дарыясынан Бедек айылына түтүк менен суу алып өтүүгө аракет кылган. Кыргыз чек арачылары бул аракеттин мыйзамсыз экенин эскерткен учурда кошуна жарандар таш менен урушкан. Эскертүү иретинде кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарышкан. Буга жооп иретинде аталган аймакка жакын жерде жүргөн тажик чек арачылары ок атышкан” деп айтылат билдирүүдө. Тажикстан басылмалары бул окуядан бир чек арачы каза болуп, бешөө жаракат алганын билдиришүүдө.

Айта кетсек, учурда Баткенде бийлик өкүлдөрү жана күч кызматкерлери окуя боюнча оперативдүү жыйын куруп жатышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: