super.kg logo
  Саясат  

Баткендеги айланма жолдун курулушу улантылбай токтоп калышы мүмкүн

 

Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулушун улантуу иши токтоп калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарланды. Учурда жолдун курулушун баштоо үчүн атайын жыйын болуп жатат. Тиешелүү техникалар Ак-Сай айылына жеткирилгени айтылды. 

Министрликтин статс-катчысы Максатбек Дыйканов жолдун курулушун баштоо үчүн тажик тарап менен сүйлөшүүдө. Эгерде тараптар бир чечимге келе алышпаса, жолду куруу иш улантылбай калышы ыктымал. Бирок бүгүн жолду куруу башталыш керек”,- деп билдирет министрлик. 

Бүгүн түшкө маал Баткендин Ак-Сай айылындагы Тамдык тилкесинде тажик жарандарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетти.

Эскерте кетсек, айланма жолдун курулуш иши өткөн жылы декабрь айында башталып, Тажикстан жарандары 2014-жылдын 11-январында жолдун курулушуна каршы чыгып, эки өлкө чек арачылары ортосунда ок атышуу орун алган болчу.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: