super.kg logo
  Саясат  

Чүйдөгү 8 колонияны жана 3 СИЗОну эт менен камсыздоо үчүн аптасына 20 бука союлат

 
Чүйдөгү 8 колонияны жана 3 СИЗОну эт менен камсыз калуу үчүн апта сайын 20дай бука союлат. Муну 10-июлда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Аталган мекеме жакында чарбасын кеңейтүү үчүн тоок фабрикасын ачканы жатыптыр. ЖАМК төрагасынын орун басары Нурлан Орозалиев
"ЖАМК коррупцияга каршы күрөшүү үчүн өзүнүн чарбасын ачкан. Биринчи максаты - тендер өткөрбөө, экинчиден, соттолгондорго мүмкүн болушунча көбүрөөк иш берүү. Буга чейин соттолгондор Кытай жана Индия өндүрүшчүлөрүнүн эт азыгы менен тамактанып келишкен. Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен келишим түзгөнбүз, букалардын саламаттыгына, аларга кантип кам көрүү керек экенине аталган окуу жайдын профессор-ветеринарлары жардамдашат. Чарба иштерине соттолгон 10 адам тартылган",- дейт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: