Айпери Кубик кызы: "Салам, жигиттер!" аттуу клибим аркылуу жигиттердин кыздарга болгон мамилесин көрсөтөйүн дедим"

















Ырчы Айпери Кубик кызынын "Салам, жигиттер!" аттуу клиби жарык көрдү. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына 11-июлда билдирди.
"Бул клип менен жигиттердин кыздарга болгон мамилесин көрсөтөйүн дедим. Азыр балдар 4 түргө бөлүнөт, алсак, сүйүүсүн айта албаган уялчаак, өздөрү эч нерсе кылбай, ата-энесинин акчасына ишенгендер, тартиби жоктор жана кыздарды сыйлабаган, кыйынсынган жигиттер. Азыр футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жаткандыгына байланыштуу клиптин тематикасын футболго арнадык. Анда кыздар менен балдар эки командага бөлүнүп ойношот. Оюнда кыздар мыктылыгын көрсөтүшөт. Клип мага жакты, күйөрмандарыма да жагат деп ойлойм”,- дейт Айпери Кубик кызы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
1

Айпериге Мерлин Монронун стилинде жүргөн жарашат экен азаматсың!
сен ыймандуу кызсын