super.kg logo
  Саясат  

Чек ара кызматы: "Тажик тарап кыргыз чек арачыларына миномёт жана гранатомёт менен ок чыгарышты"

 

Тажик чек арачылары эл аралык укукту бузуу менен бир күндүн ичинде эки жолу “Тамдык” чек ара постунда жайгашкан кыргыз чек арачыларына ок чыгарышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларын миномёт жана гранатомёт менен атышкан. Учурда атышуу токтотулду. Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жөнөштү.

Эскерте кетсек, бүгүн, 10-июлда түшкө маал Баткендин Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. Атышуудан кыргыз тараптан жаракат алгандар жок экени белгилүү болгон. Жаңжалдын себеби - Баткендеги айланма жолдун курулушу улантылбай токтоп калышы мүмкүн экени айтылганы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: