super.kg logo
  Саясат  

Биринчи вице-премьер-министр Таластагы окуя боюнча күнөөлүүлөрдү жазага тартууну буйруду

 

Бүгүн, 10-июлда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Талас облусундагы “Чоң-Капка автожол” көзөмөл пунктуна жакын жердеги окуя боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппараты билдирди.  

Маалыматка караганда, ушул аптанын башында оперативдүү топтун кызматкерлери салондун ичине аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу май ташуу үчүн идиш орнотулган эки жеңил автоунааны кармаган.

Унаа кармалгандан кийин ошол жерге чогулган адамдар унааны бошотууну талап кылышкан. Жыйынтыгында чогулгандар сан жагынан басымдуулук кылып, оперативдүү топтун кызматкерлерине физикалык күч колдонуу менен кармалгандарды унаасы менен бошотуп кетишкен. Сарпашев Ички иштер министрлигине бул факт боюнча иликтөө ишин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жазага тартууну тапшырды. Ошондой эле бир жума убакыттан кийин иликтөө ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат менен күнөөлүүлөрдүн тизмесин берүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: