super.kg logo

Жылнаама, 11-июль: Мындан 1 жыл мурун Кытайда сактоо мөөнөтү 46 жыл мурун бүткөн 22 тонна тоок эти колго түшкөн

 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 6-июнунда кабыл алган. Ал жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигин кылмыш жазасын күчөтүү жолу менен коргоо максатын көздөгөн.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы канадалык мушкер Артуро Гаттинин жансыз денеси Бразилиянын Порту-де-Галиньяс курорттук шаарында табылган. Алгач өлүмгө шектүү деп анын жубайы Аманду Родригести кармашкан. Анткени мушкердин жанында андан башка киши болгон эмес. Бирок Амандуга каршы айыптар жетиштүү болбогондуктан, бошотулган. Кылмыш иликтөөчүлөр канадалык мушкер, Дүйнөнүн экс-чемпиону Артуро Гаттинин өлүмү боюнча изилдөө иштерин аяктап, "өз жанын кыйды" деген тыянакты четке кагышкан. “Табылган абалы "өзүн өлтүрдү" дегенге коошпойт” дегенден башка шектүү илинчек таба алышкан эмес.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Кытай полициясы Гуанси-Чжуан автономиялык районунда вьетнамдык контрабандачылардан сактоо мөөнөтү 46 жыл мурун аяктаган 22 тонна тоок этин колго түшүргөн. Кармалган товар тооктун моюндары менен буттары болгон жана аларды сактоо мөөнөтү 1967-жылы эле бүткөндүгү аныкталган. Бул тоок эттери көп жолу химиялык кошулмалар аркылуу иштелип, бактериялардан арылып жана товардык көрүнүшүн сактап турган. Аткезчилерди кармоо операциясы 2013-жылдын май айында эле башталып, июлда гана жыйынтык берген.  
11-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: