Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал турукташа элек, кыргызстандык чек арачы жаракат алды
11-июлда эртең менен берилген маалымат боюнча, учурда кыргыз-тажик чек арасында чыңалган абал өкүм сүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Тамдык” чек ара постунда эки тараптын өкүлдөрү жолугушуп, Кыргызстан тарап ок атууларды токтотуп, тынчтык жолу менен кырдаалды жөнгө салууну талап кылды. Натыйжада саат 21:30да каршы тараптан ок атуу токтотулган.
Бул күнү КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери жаракат алып, Баткен облустук ооруканасына жаткырылган. Анын абалы канааттандырарлык экени айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

