super.kg logo
  Саясат  

Чек ара кызматы: Тамдык тилкесинде кыргыз чек арачылары турган пост алынбайт

 
Кыргызстан Баткен облусунун Тамдык тилкесинде кыргыз чек арачылары турган постту албайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан Гүлмира Бөрүбаева SUPER.KG порталына билдирди. 
Анын айтымында, 10-июлда Кыргызстандын чек ара башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Тажикстандын Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. "Рахмонали Тамдык тилкесиндеги кыргыз чек арачылары турган өтмөктү алып салууну айткан. Бирок пост алынбайт. Азыр ал жерде абал курч бойдон турат. Жол да ачылбайт",- деди Бөрүбаева. Кечээ, 10-июлда ок атышуудан башына жаракат алган жаран аскер кызматкери экени айтылды. 
   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: