Биринчи вице-премьер-министр Чүйдөгү сугат маселесин тамчылатып сугаруу ыкмасы менен чечүүнү буюрду
Бүгүн, 11-июлда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Батыш Чоң Чүй каналына иш сапары менен барды. Ал жакта Чүй облусунун Суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов облустагы суу тармагындагы кырдаал боюнча тааныштырып чыкты.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, суу жоготуунун көлөмү 50 пайыз болууда. Анткени суунун нугу бетондолгон эмес. Биринчи вице-премьер-министр бул маселени тамчылатып сугаруу ыкмасы менен чечүүнү буюрду.
"Түркияда ачык сугарууга тыюу салынган. Ал жакта дыйкандар тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонушат. Биз да ушундайга өтүшүбүз керек. Инвестицияларды өкмөт тарабынан таап беребиз",- деди Сарпашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

