Бишкекте "Маданият фестивалы" аттуу иш-чара өткөрүлөт
19-июлда Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде “Маданият фестивалы” аттуу иш-чара өткөрүлөт. Ага Австрия, Бельгия, Словакия, Франция, Италия, Бразилия, Германия, Сингапур, Австралия, Кытай, Индонезия, Малайзия, Румыния, Вьетнам, Польша, Азербайжан, Чехия, Венгрия, Түркия, Нидерланды, Монголия, Украина, Канададан келишкен ыктыярчылар өзүлөрүнүн мамлекети жана маданиятынын өзгөчөлүгү тууралуу айтып беришет.
Уюштуруучулардын айтымында, бул фестиваль дүйнөдөгү маданияттын байлыгын көрсөтүү, коомдо толеранттуулукту өнүктүрүү максатында өткөрүлөт.
Иш-чаранын катышуучулары экзотикалык тамак-аштан даам сызышат жана дүйнөнүн төрт бурчунан келишкен коноктор менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.