super.kg logo
  Саясат  

Декларация: Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Айбек Осмоналиев былтыр 12 миллион 659 миң сом киреше тааптыр

 

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Айбек Осмоналиев (сүрөттө) 2013-жылы 12 миллион 659 405 сом киреше тапкан. Мунун 12 миллион 175 миң сому кошумча кирешеси, 484 405 сому маянасы. Жакындары былтыр 22 миллион 249 836 сом киреше табышса, мүлктөрү: 190,5 чарчы метр аянтты ээлеген административдик имарат, 1998-жылы чыгарылган Тойота Камри автоунаасы. Маалымат аталган кызматкер тапшырган декларациядан алынды.

Айбек Осмоналиевдин орун басары Нурлан Шерипов былтыр 477 917 сом киреше тапканын айтты. Анын мүлктөрү: 20 сотых жер тилкеси, 4,5 сотых жердеги көп жылдык өсүмдүк көчөттөрү. 1988-жылы чыгарылган Ауди 80 жана 1992-жылы чыгарылган Ауди 100 автоунаалары.

Осмоналиевдин дагы бир орун басары Бакыт Шаршеналиев өткөн жылы 462 564 сом маяна алыптыр. 180 чарчы метр аянтты ээлеген үйгө, 1994-жылы чыгарылган ВАЗ 2106 автоунаасына ээлик кылат. Жакындары бир жылда 483 193 сом табышканы көрсөтүлдү. 79 чарчы метр жерди ээлеген батирдин жана 90 чарчы метр жерди ээлеген үйдүн ээлери. Автоунаасы: 2001-жылы чыгарылган Лексус RX300. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: