super.kg logo
  Саясат  

Декларация: Коргоо министрлигинин мурунку башчысы Таалайбек Өмүралиев былтыр 582 миң сом киреше тапканын айтты

 

Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов 2013-жылы 604 080 сом киреше тапкан. Тапшырган декларациясына таянсак, анын жакындары былтыр 72 000 сом кирешеге ээ болушкан. Мүлктөрү: 82 чарчы метр жерди ээлеген үй, 2001-жылы чыгарылган БМВ 525 автоунаасы.

Коргоо министринин дагы бир орун басары Жаныбек Капаров былтыр 512 986 сом киреше тапкан. Өзүнүн жана жакындарынын кыймылсыз мүлкү тууралуу маалымат берген эмес. Жакындарына караштуу Даймлер Крайслер автоунаасы бар.

Коргоо министрлигинин мурунку жетекчиси Таалайбек Өмүралиев 2013-жылы 582 672 сом маяна алган. Кошумча кирешеси жок экенин айтат. Жакындары өткөн жылы 360 миң сом маяна алышса, 2004-жылы чыгарылган Тойота Хайлендер автоунаасына ээлик кылышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: