super.kg logo

Тайырбек Сарпашев: “Чүй облусундагы суу маселесин чечиш үчүн бирдиктүү штаб түзөбүз”

 

“Чүй облусундагы суу маселесин чечиш үчүн бирдиктүү штаб түзөбүз” деди бүгүн, 11-июлда Панфилов районунун Октябрь айылынын дыйкандары менен жолугушууда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.

Анын айтымында, аталган штабды өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Исаев жетектейт. Штаб жергиликтүү милиция менен биргеликте күн сайын суунун уурдалып кетүүсүнүн алдын алып, көзөмөлгө алат.

Т.Сарпашев кошумчалагандай, буга чейин ушул сыяктуу штаб болгон. Бирок ал аптасына эки күн гана иштеп келген. “Түнкүсүн сууну уурдап кетүү фактылары катталган. Эми суу уурдагандар кармалса, аларга кылмыш иши козголушу толук мүмкүн. Андан тышкары бул үчүн жергиликтүү башкаруу органдары да түздөн-түз жооп берет. Анткени суунун жоктугунан улам көптөгөн дыйкандар насыяларынан кутула албай калышууда”,- дейт Сарпашев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
11.07.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тайырбек Дүйшекеевич, суунун татоо, таңсык болушу кудайдан, ага пенденин алы жетпейт.Дем алышта кайнагамдын полесине барсак, тамчылатма методго өтүп алыптыр, он эсе суу аз кетет экен,жөөттөргө окшоп, унөмдүүлүккө үйрөнүшүбүз керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: