super.kg logo

"Курманжан датка" тасмасы Монреалда өтчү бүткүл дүйнөлүк кинофестивалга катышат

 
"Курманжан датка" тасмасынын иштелип бүтө элек варианты июнь айынын башында Монреалда өтчү бүткүл дүйнөлүк кинофестивалга жөнөтүлдү. Бул тууралуу тасманын продюсери Фархад Бекмамбетов бүгүн, 11-июлда маалымат жыйынында билдирди. 

Бул эң чоң жетишкендик. Ошондуктан тасманын бүтүрүлгөн вариантын 2-августка чейин жөнөтүшүбүз зарыл, анткени фестиваль 30-31-августта башталат”,- дейт Фархад мырза.

"Силер билесиңер, 70 миллион сом тарыхый тасма үчүн кенедей эле сумма болуп калат. Мисалга алсак, Казакстан "Көчмөндөр" фильмин 40 миллион долларга тарткан. Бирок режиссёр Садык Шер-Нияз апыртуудан качып, жөнөкөй жана ишендирерлик драма тартты. Ал Курманжан датканын образын ишеничтүү кылып ачып берди. Орто Азиядан бир дагы тасма мындай фестивалга катыша элек",- деп белгилейт жазуучу жана драматург Талип Ибраимов.

Белгилей кетсек, 3 жылдык эмгекти талап кылган бул тарыхый тасма 2 сааттан ашык убакытка созулат. Режиссёру - Садык Шер-Нияз. Башкы ролдордо: Назира Мамбетова жана Элина Абай кызы. Тасманын бет ачары 31-августта болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: