Бишкек шаары боюнча уюшулган мектеп алдындагы лагерде болгондордун саны 2,5 миңден ашты
Бишкек шаарындагы 33 мектептин базасында мектеп алдындагы лагерь уюшулган. Анда 2 маал тамак каралган. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага жетим балдар, жарым жетим балдар, көп балалуу үй-бүлөдөгү балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана 2010-жылдагы 7-Апрель окуясынын катышуучуларынын балдары чакырылган. Балдардын өздүк көркөм чыгармачылыгын, шыгын жана жөндөмүн өстүрүүгө багытталган программага жалпысынан 2530 бала катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-07-06
16:05
2025-07-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.