super.kg logo

"Чоңдор келгенде гана сугат суу келе баштайт" деп арызданышты дыйкандар

 
Дыйкан Эркебай Умарбакиев

"Быйыл сугат суу келбей, абдан кыйналдык. Биздин чиновниктер журналисттер менен келгенде гана суу агып, алар кеткенде кайра токтоп калат",- деп арызданышты бүгүн, 11-июлда Панфилов районундагы Октябрь айылынын дыйкандары.

Алардын бири Эркебай Умарбакиевдин айтымында, буга чейинки жылдары суу маселеси мынчалык оор эмес болчу. “Суунун жоктугунан дыйкандардын айласы кетүүдө. Суусу бар айылдарга кетмен көтөрүп алып барып, арыктардан суу буруп келүүгө даяр болушууда. Анткени дыйкандардын басымдуу бөлүгү насыяларынан кутулушу керек. Жакында суу келе баштаса да, кирешенин 30 пайызын сактай албай калабыз”,- деди ал.

Айта кетсек, бүгүн, 11-июлда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Чүй облусуна иш сапары менен барып, сугат суу маселеси менен таанышып келди. Дыйкандар менен жолугушууда "сугат суу Казакстанга сатылып жатат" деген сөздөр чындыкка туура келбейт" деп, көйгөйдү тамчылатып сугаруу ыкмасы менен чечүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.07.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл башы болгуча,Суу башы бол дегендей,Суунун башында олтуруп озубузго суу жетпейт,Аткаминерлерге соз жок,баягы эле коз бойомочулук.Комиссия тузуп мындай корунушторду иликтеп,кунолуулорду жоопко тартуу керек,антпесе Кыргызстанда алдыга жылыш болбойт,онугуу болбойт.
Dadin1 түзөттү 11.07.2014 15:42
11.07.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эле чондор келерге жакын каналдарга сууларды агызып,жолдорду нары бери эптемей кылып жамап коюшат. Ошондуктан келе турган комиссия айтпай туруп капыстан келип текшерууго алыш керек. Качанга чейин ушинтип кыйналып жашайбыз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: