super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте мектептик тамактандыруу жана мектеп формасын киргизүү маселелери талкууланды

 

Бүгүн, 11-июлда вице-премьер-министр Эльвира Сариева өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын, Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Өкмөт аппараты жыйында мектепке чейинки билим берүү, мектептик тамактандыруу, көзөмөлдөө кеңештерин уюштуруу жана мектеп формасын киргизүү маселелери каралганын билдирди. Ошондой эле билим берүү жана илим, саламаттык сактоо министрлеринин мектепке чейинки билим берүүнүн жана калктын 2020-жылга дейре ден соолугун коргоо жана чыңдоо стратегиясын ишке ашыруунун абалы жөнүндөгү баяндамалары угулду.

Сариева: “Министрлик окуучуларды булочка жана чай менен тамактануудан ысык тамак берүүгө өткөрүү боюнча долбоорду баштаган. Жергиликтүү бийлик жана ата-энелер комитетинин аталган ишке катышуусу төмөнкү класстагы окуучуларды толук кандуу тамактандырууга өткөрүүгө мүмкүндүк берет”,- деди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны вариативдик мектепке чейинки мекемелердин ачылуусу жана мурдагы бала бакча имараттарын реконструкциялоо эсебинен көбөйүүдө. Бирок билим берүү тутумунда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги абдан чоң көйгөйлөрдүн катарында калууда.

Вице-премьер жыйынга катышкандарга аталган маселелер боюнча тапшырмаларды берди.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: