super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт Чүй облусундагы сугат суу маселесине көңүл буруп, дыйкандарга жардам берүүгө кепилдик берди (фоторепортаж)

 
Алгач Тайырбек Сарпашев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Гидрокуруучу айылындагы Батыш Чоң Чүй каналынын башкы бөлүштүрүүчү жайына барып, суунун тартыштыгынын себеби менен таанышып чыкты.
Алгач Тайырбек Сарпашев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Гидрокуруучу айылындагы Батыш Чоң Чүй каналынын башкы бөлүштүрүүчү жайына барды.
Ысык-Ата районунун Гидрокуруучу айылындагы Батыш Чоң Чүй каналынын башкы сууну бөлүштүрүүчү жайы
Батыш Чоң Чүй каналында суунун деңгээли 3 метрге тең экен.
Тайырбек Сарпашев Панфилов районунун Октябрь айылына барганда аны жергиликтүү дыйкандар тосуп алышты.
"Быйыл сугат суу келбей, абдан кыйналдык. Биздин чиновниктер журналисттер менен келгенде гана суу агып, алар кеткенде кайра токтоп калат",- деп арызданышты дыйкандар.
"Чоңдор келгенде гана суу ага баштайт" деген сөздүн далили.
"Чоңдор келгенде гана суу ага баштайт" деген сөздүн далили.
Панфилов районунун Октябрь айылынын дыйкандары биринчи вице-премьер-министр менен сүйлөшүүдө.
Суунун жоктугунан жер кургап калууда.
Суунун жоктугунан жер кургап калууда.
Журналисттер суунун жоктугунан жердин кургап калгандыгын сүрөткө тартып жатышат.

Бүгүн, 11-июлда КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев сугат суу маселеси боюнча иш сапары менен Чүй облусун кыдырып келди.

Башында ал облустун Ысык-Ата районунун Гидрокуруучу айылындагы Батыш Чоң Чүй каналынын башкы бөлүштүрүүчү жайына барып, суунун тартыштыгынын себеби менен таанышып чыкты. Муну ага Чүй облусунун Суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Девяткулов картадагы бардык дарыяларды, каналдарды, суу сактагычтарды көрсөтүп түшүндүрүп берди.

Суунун жетишпегени эмне себептен болуп жаткандыгынан кабардар болгон Т.Сарпашев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн элге маалымат берилбегендиги үчүн сынга алды. “Дыйкандардын арасында “суу Казакстанга сатылып жатат” деген ойлор пайда болууда. Анткени силер ММКлар аркылуу суу маселеси боюнча маалыматтарды тараткан жоксуңар”,- деди биринчи вице-премьер. “Эски советтик ыкмаларды колдонуп жатасыңар. Өнүккөн өлкөлөрдөй тамчылатып сугаруу ыкмасын пайдалануу боюнча стратегияны иштеп чыккыла,- деп буюрду ал.

Андан соң облустун Панфилов районунун Октябрь айылына жөнөдү. Ал жакка барганда жергиликтүү дыйкандар аны тосуп алышты. “Быйыл сугат суу келбей, абдан кыйналдык. Силер журналисттер менен келгенде гана суу агып, кеткениңерде кайра токтоп калат”,- деп арызданышты дыйкандар.

Буга Т.Сарпашев: “Чүй облусундагы суу маселесин бирдиктүү штаб түзүү менен чечебиз. Сугат сууну уурдоого күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Анткени сууну уурдоо кылмышка тең”,- деп жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: