Биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана программалык камсыздоо үчүн тендердин экинчи туруна 7 компания өттү
Бүгүн, 11-июлда Бишкекте биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана программалык камсыздоо үчүн жабдууларды жеткирүүчүнү тандоо боюнча тендердин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Тендердик комиссия биринчи турдун жыйынтыгында 7 компанияны өткөрдү.
Экинчи турга төмөнкү компаниялар катышуу укугун алышты: Монголиянын “Интер Актив”, Германиянын “Гизеке энд Девриент” жана “Мюльбауер”, Франциянын “Гемальто”, “Морфо” жана “Обертюрь”, ошондой эле нидерландылык “Смартматик” компаниялары.
Айта кетсек, биринчи тур кечээ, 10-июлда өткөрүлгөн болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

