Аба ырайы, 12-июль: Өлкөнүн айрым аймактарында күн күркүрөп, өткүн өтөт

12-июлда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +36°C, түнкүсүн +25°C
Талас облусу. Күндүз +34°C, түнкүсүн +19°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +37°C, түнкүсүн +25°C
Баткен облусу. Күндүз +36°C, түнкүсүн +24°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +27°C, түнкүсүн +16°C
Нарын облусу. Күндүз +30°C, түнкүсүн +14°C
Бишкек шаары. Күндүз +35°C, түнкүсүн +24°C
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.