super.kg logo

Ош. Жапалак айылында бала бакчанын курулуш иши башталды

 

Кечээ, 11-июль күнү Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Жапалак айылында 2 кабаттуу, 120 орундуу балдар бакчасынын курулушунун ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 12-июлда кабарлады.

Маалыматка ылайык, курулуштун ачылышына Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, Ош шаарынын вице-мэрлери, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Курулуш жергиликтүү бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 43 миллион 594 620 сом. Курулуш жүрүп жаткан аймактын жалпы аянты 1344 чарчы метрди түзөт. Ал эми бүткөрүү иши октябрь айына белгиленген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: