Ысык-Көл облусунда акыркы 6 ай ичинде 10 жеке медициналык клиниканын иши токтотулган
Ысык-Көл облусунда акыркы 6 ай ичинде облустук Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Каракол шаардык борбору тарабынан облус аймагында 76 рейд уюшулган. Натыйжада 10 жеке медициналык клиниканын иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Рейд алкагында 252 дарылоо-профилактикалык мекемелеринин иши текшерүүгө алынды. Натыйжада 92 жай санитардык абалын жакшыртуу боюнча буйрук алса, 34 жооптуу кызматкерге жалпысынан 34 700 сомду түзгөн айып пул салынды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.