Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымы Жумгалдагы кинотеатрга берилди
Бүгүн, 12-июлда Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымы Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы кинотеатрга ыйгарылды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул күнү Т.Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев салтанаттын жүрүшүндө сөз алып, кинотеатрга Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымы берилгени кинотеатрдын жетекчилигинин жоопкерчилигин арттырып, райондо маданият жана жаштарды тарбиялоо жаатында чоң үмүт берерин белгиледи. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.