super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: “Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы 135 миң гектар жерге кызыкдар”

 

“Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы миңдеген гектар жерге кызыкдар”,- деди бүгүн, 12-июлда Өкмөт үйүндө болгон маалымат жыйынында Мамлекеттик чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча КРнын Өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров.

Анын айтымында, тажик тарап бул кызыкчылыгын оозеки айтып, расмий түрдө билдирүү же кайрылуу жасаган эмес. "Биз Тажикстан кызыкдар болгон жердин аянтын эсептеп чыксак, 135 миң гектар жер экени аныкталды",- деди ал. 

“Тажикстан мамлекеттик чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдө 1924-1926-жылдары бекитилген карталарга жана документке таянууда. Айта кетейин, ал учурда Тажикстан Өзбекстандын курамына кирген болчу. Мындан тышкары 1924-1926-жылдары мамлекеттик эмес, аймактык чек аралар бекитилген. Бирок буга карабастан, Тажикстан бизге "ушул документти кабыл алгыла" дешүүдө,- деп түшүндүрдү К.Искандаров. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: