super.kg logo
  Спорт  

Бразилия-2014: Бүгүн Дүйнө чемпиондугунун акыркы беттешинде Германия менен Аргентина кез келет

 

Көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрүнүн чекесин жылыткан Дүйнө чемпиондугу өз сапарын карытып барат. Бүгүн, 13-июлдан 14-июлга караган түнү Бразилиядагы атактуу “Маракана” стадиону кезектеги Дүйнө чемпионун аныктайт. Анда Германия менен Аргентина кез келет. Төмөндө оюн тууралуу маалымат жана анын тегерегиндеги ой-пикирлерге орун бердик.

Финал:

ГЕРМАНИЯ - АРГЕНТИНА

Башталышы – 01:00 (Бишкек сааты менен)

Стадион: Рио-де-Жанейро шаары, “Маракана” стадиону  

Калыс: Никола Риццоли (Италия)

БРАЗИЛИЯЛЫКТАР ЭЛДЕШКИС ЖООСУ АРГЕНТИНАГА АЙЛАСЫЗ ЖАН ТАРТЫШАТ

Дүйнө чемпиондугунун кубогу буга чейин 19 ирет колдон колго өткөн жайы бар. 10 ирет европалык командалар Дүйнө чемпиондугун утушса, калган 9 жолкусунда Латын Америкасынын өкүлдөрү жеңүүчү аталышкан. Мааракелик 20-Дүйнө чемпиондугунда континенттер аралык эсептин теңелүүсүнө океандын ары жагындагы эл кызыкдар. Андыктан футбол жаатында элдешкис жоо экенине карабай бразилиялыктар Аргентинага күйөрмандык кылышат. Бул ириде Германиянын Бразилияны ири эсепте утканынан кийин ага болгон жек көрүүнүн артышы менен да байланыштуу. “Месси клубдар арасындагы мелдештердин баарын утту. Жеке сыйлыктары көп. Менин оюмча, ал Дүйнө чемпиону болууга да татыктуу. Мен финалда Аргентинага жана Мессиге жан тартам”,- дейт Бразилиянын лидери Неймар.

АРГЕНТИНАГА МАРАДОНА ТИЛИ МЕНЕН, АЛ ЭМИ МЕССИ БУТУ МЕНЕН ЖАРДАМ БЕРЕТ

Атактуулардын ММКларга олуттуу билдирүү жасоосу "футбол жаатында атаандашка сүр көрсөтүүгө аракет кылуу" деп бааланып келгени сыр эмес. Бул жолу гезит-журналдар жана телеберүүлөр аркылуу атаандаштарга өз командасынын артыкчылыгын айтуу, көрсөтүүнү легендарлуу футболчу Диего Марадона ишке ашырууда. “Финалда Месси чоң роль ойнойт. Эгер бул күнү Месси кубокту утуп, Марадонадан ашып түшсө, биринчи кубанган мен болом”,- дейт Диего Марадона. Ал эми Месси бул күнү жеңиш үчүн бар күчүн сарптай турганын билдирди. “Мен буга чейин уткан жеке сыйлыктарымдын баарын Дүйнө чемпиондугунун кубогуна алмашууга даярмын”,- деп кошумчалайт ал.

ГЕРМАНИЯ ӨЗҮНӨ ИШЕНГЕНИН КООМГО БАЙКАТУУДАН ЧОЧУЛООДО

Германиянын башкы машыктыруучусу Йоахим Лёв финалдык беттеш алдында өз командасын жеңишке башкы талапкер катары атоодон баш тартты. Анын айтымында, бул эки команданын деңгээли бирдей. “Финалдык оюндун жүрүшү өтө кызык болот деп ойлойм. Аргентина - мыкты команда. Коргонуусу да учурда жакшы. Бирок биз жеңиш үчүн ойномокчубуз”,- дейт ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(45)
13.07.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аргентина Месси мен силер менен, алга!
13.07.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ал бетте Мессинин ойногонуна там берем,жана ал тактикалуу кыйын оюнчу,мен ага ишенем,бирок Германия утуп алатко деп турам,эмнеси болсода Аргентинага жан тартам,олеей олеей Месси чемпион!!!
13.07.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
немец машинасы алга албетте чемпион болосуңар буйруса , ушул кубокту алат деген ойдомун ,алга Германия 4 гол ургула
13.07.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Германия алга
13.07.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Европаны жаман көрүп калдым, айрыкча АКШ менен бирге жүргүзгөн тышкы саясаты үчүн жана албетте Кончитага окшогон адамдары үчүн, ошондуктан Аргентиналыктарга жан тартам, бирок немецтер аябагандай күчтүү команда.
13.07.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurgazy80, мен дагы
13.07.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurgazy80, Акш бизге емне нан берип атабы. Ангела Меркел кыйын саясатчы. А Кончитага биринчи жетип алалычы. Сен ушул тушунугун менен отуп кетесин а кийинки муундарда акырындык менен толеранттуулук пайда болот.
13.07.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Аргентина...
just-mars түзөттү 13.07.2014 16:07
13.07.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентина
13.07.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентина!!!Месси чемпион.
13.07.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга месси!
13.07.2014. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аргентина! Чемпион месси алга!
13.07.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аргентина чемпион!!!
13.07.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга аргентина алга германия мен экоонорду тен колдойм акырында пеналти тебишсенер ошол кызык мен учун
13.07.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Германиянын кучтуу команда экенин билип турсамда, мен Аргентинага жан тартам! Алга Аргентина! Аркада калгыла Германия
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: