Жылнаама, 14-июль: Мындан 139 жыл мурун Өзгөндө Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш чыккан

* Мындан 139 жыл мурун, 1875-жылы Өзгөн аймагында Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш чыккан. Көтөрүлүшкө мында жашаган кыргыздар менен өзбектер тартылып, алар хандык тарабынан киргизилген суу салыгына макул эместигин билдиришкен.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Кокон хандыгына каршы башталган көтөрүлүшкө кыргыздар активдүү катышып, алар анын негизги кыймылдаткыч күчү болуп берген. Анын башкы себеби, 1874-жылкы көтөрүлүшкө кыргыздар катышкандыгы үчүн аларга хандык кошумча салык киргизген жана ал калктын турмушун оордотуп, жакырчылык запкысын күчөткөн.
* Мындан 74 жыл мурун, 1940-жылы Фрунзе шаарында "Кыргызстандын борборун гүлзар шаарга айландырабыз"
деген жүрүш башталган. Жүрүш жыйынтыгы көрсөткөндөй, шаардын бульвар, сейил бактары жан кейиткен абалда экендиги аныкталган. Айрыкча "Красная
звезда" аталган балдар сейил багы (азыркы Панфилов сейил багы), Эмен
сейил багы, Кара-Жыгач багы сыяктуу эс алуучу жайлар суу жетпей кургап
жана адам колу тийбей, кароосуз абалга жеткени аныкталган.
* Мындан 117 жыл мурун, 1897-жылы Орусия империясында жекшемби күн эс алуу күнү деп расмий кабыл алынган.
14-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.