super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жыйын болуп өттү

 
КРнын Экономика министри Темир Сариев 9-10-июль күндөрү Үрүмчү шаарындагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай Синьцзян-Уйгур автономдуу району" координациялык тобунун жыйынына катышты. Анда соода, транспорт, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, каржы жана туризм тармагындагы маселелер каралды. Тараптар буга чейинки жыйында кол коюлган протоколдордун ишке ашырылышын талкууга алышып, өлкөлөр ортосундагы соода-алаканы жакшыртууну сүйлөшүштү.
Мындан тышкары экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу багытында жарманкелерди өткөрүү, экономикалык форумдарды уюштуруу, эл аралык авиакаттам ачуу жагы каралды.  
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай Синьцзян-Уйгур автономдуу району" координациялык тобунун жыйынынын соңунда тийиштүү протоколдорго кол коюлду. Бул тууралуу КРнын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: