super.kg logo

Кыргызстандык гимнасттар Испанияда өткөрүлгөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарды багындырышты

 

Кыргызстандык гимнасттар Испанияда өткөрүлгөн “Латино Фиори” аталышындагы эл аралык мелдешке катышып, 3 алтын жана 5 коло медаль өңөрүп кайтышты. Бул тууралуу КРнын Көркөм гимнастика федерациясынын машыктыруучусу Сабина Аккулакова бүгүн, 14-июлда маалымат жыйынында билдирди.

Белгилүү болгондой, бул таймашта Орусия, Испания, Израиль, Хорватия жана башка 10го жакын мамлекеттен 300 спортчу ат салышкан. Ал эми Кыргызстандан 6 жаштан 17 жашка чейинки 11 гимнаст катышкан.

Кошумчалай кетсек, мелдеш 23-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн.

“Кенже курактагы гимнасттар бул мелдешке биринчи жолу катышышты, алардын барып-келүүсүн ата-энелер каржылашты. Ал эми чоң топтогу спортчулар мындай мелдештерге бат-баттан катышып турушат. Аларды биздин федерация алып барды”,- дейт Сабина Аккулакова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.07.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар, сыймыктанчу жаштарыбыз кобойо берсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: