super.kg logo
  Саясат  

Президент "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизди

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алынган мыйзамдын максаты - жаныбарларды паспорттоштуруу жөнүндө мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөттөрүн өзгөртүү.

Тактап айтканда, "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамдын 14-беренесине өзгөртүү киргизилип, ага ылайык, мыйзам бодо мал баккандар үчүн 2014-жылдын 1-ноябрынан, жылкы кармагандар үчүн 2015-жылдын 1-ноябрынан, майда мал баккандар үчүн 2016-жылдын 1-ноябрынан, канаттууларды, аарыларды кармагандар үчүн 2017-жылдын 1-ноябрынан тартып иштей баштайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: