super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Казакстандын жарандарынын эс алуу үчүн чек арадан көйгөйсүз өтүшү биз үчүн маанилүү"

 

"Туристтик сезон башталды, Казакстандын жарандарынын эс алуу үчүн чек арадан көйгөйсүз өтүшү биз үчүн маанилүү",- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев 12-июлда Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугушууда. Айта кетсек, коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Бишкекке иш сапары менен келип кетти. Жолугушууда Оторбаев Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. 2014-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча өки өлкө ортосундагы товар айлантуунун суммасы 185,5 миллион долларды түзгөнү айтылды. Мунун 66,9 миллион доллары - экспорт, 118,6 миллион доллары - импорт. Өкмөт башчылар туристтик сезонго карата жарандардын чек аралардан коопсуз жана тез өтүшүн, көзөмөл өткөрүү бекеттеринин иши боюнча конкреттүү чараларды көрүү маселелерин талкуулашты. 

Масимов жолугушуунун маанилүү экенин белгилеп: "Бул жерде Бажы жана Чек ара кызматтарынын жетекчилери катышууда. Быйылкы сезондо казакстандык жарандардын Кыргызстанга тынч өтүп, эс алуусу үчүн шарт түзүшүбүз керек. Азыркы учурда бир топ көйгөйлөр бар. Мунун үстүнөн баарыбыз иштешибиз зарыл",- деп билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: