super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдө өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюну фестивалына даярдыктын алкагында жолдор оңдолууда

 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты 2014-жылдын 8-14-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюну туристтик фестивалына даярдык көрүүдө. Даярдыктын жүрүшүндө мекеме-ишканалардын жетекчилери кирген жумушчу тобу түзүлүп, мындан тышкары аткарылчу иш-чара бекитилип, иштер алынып барууда. Бул тууралуу 14-июлда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Жумушчу топтун жетекчиси болуп ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков, анын орун басары болуп Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы Раимбек Имангазиев дайындалды.

Бекитилген иш-чарага ылайык, жумушчу топ өзүнүн отурумун өткөзүп, бүгүнкү күндө ар бир аткаруучуга так көрсөтмө-тапшырмалар берилип, коомчулукка кеңири жайылтуу иштери жасалууда.

Ат майданы боюнча аткаруучуга керектүү болгон уруксат берүүчү, архитектуралык тапшырмалар берилди. Андан тышкары Кырчын жайлоосуна бара турган эскилиги жеткен асфальт жолундагы 1,5 чакырым аралыкта аң-чөнөктөрдү оңдоо жумуштары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: