super.kg logo
  Саясат  

Нарындын ар бир районуна жакында салык төлөмдөрүн кабыл алуучу терминалдар коюлат

 
Нарын облусунун ар бир районуна жакында салык төлөмдөрүн кабыл алуучу терминалдар коюлат. Муну аталган облуска барган Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов айтканын 15-июлда мекемеден кабарлашты. Башкы салыкчы быйыл 43,6 миллиард сом салык жыйноо милдети турганын, салыкчылар коюлган планды 100 пайызга аткарууга милдеттүү экенин айтты. Осмонов салык төгүүчүлөр үчүн шарт түзүү көйгөйүн белгилеп: "Жакын аралыкта ар бир шаарда жана райондордо банкоматтар жана төлөм кабыл алуучу терминалдар коюлат. Салык төгүүчүлөр салык органдарына барбай эле, ушул жерлерден төлөмдөрдү ишке ашыра алышат",- деп билдирди. 
Мамсалык кызматынын билдиришинче, жарым жылда облуста 239 миллион сом жыйналышы керек болсо, анын ордуна 271,4 миллион сом чогултулуптур же план аткаруу 113 пайызды түзгөн. Аймактар боюнча: Нарын шаарында салык планы 103 пайызга, Нарын районунда 106,5 пайызга, Ат-Башы районунда 110,9 пайызга, Ак-Талаа районунда 106,3 пайызга, Кочкор районунда 105,8 пайызга, Жумгал районунда 127,7 пайызга аткарылганы айтылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: