super.kg logo
  Саясат  

Декларация: Ички иштер министри Абдулда Суранчиев "бир жылда 309 миң сом киреше таптым" дейт

 
Ички иштер министри Абдулда Суранчиев (сүрөттө) 2013-жылы 309 062 сом маяна алганын, кошумча кирешеси жок экенин айтты. Тапшырган декларациясында министр үйү, автоунаасы жок экенин көрсөттү. Жакындары былтыр 1 миллион 200 000 сом киреше тааптыр. Алар 2 батир, 1 контейнерге ээлик кылышат. Автоунаасы: 2012-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр Прадо.
Абдулда Суранчиевдин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев былтыр 547 500 сом киреше тапканын айтты. 1 батир, 1 дачанын ээси. Жакындары 1 дачага ээлик кыларын көрсөттү документте. 
Министрдин орун басары Курсан Асановдун жылдык кирешеси 453 964 сомду түзгөн. Асанов 3 батир, 1 жер тилкесине ээлик кылса, автоунаасы: Мерседес. Жакындары өткөн жылы 600 миң сом киреше табышкан. Мүлктөрү: чачтарачкана, Хонда CRV автоунаасы. 
Министрдин дагы бир орун басары Кашкар Жунушалиев 2013-жылы 488 640 сом киреше тааптыр. Менчигинде 1 үй бар. Анын жакындары бир жылда 6 миллион 462 936 сом киреше табышкан. 1 үйгө, Лексус RX330 автоунаасына кожоюндук кылышат. 
 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: