Бишкек мэри шаардагы оңдолуп жаткан көчөлөрдү көрүп чыкты
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов бүгүн, 15-июлда шаардагы айрым жолдорду оңдоо иштери менен таанышты. Шаар башчысы Токтогул, Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүндө болуп, тийиштүү органдардын маалыматын укту. Токтогул көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө учурда 10 атайын техника, 15 жүк ташуучу унаа иштеп жатканын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Канчоро Ажекбаров билдирди. Оңдоо иштери 1-августка чейин бүтөт.
Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери ноябрь айында аяктамакчы.
Бөкөнбаев көчөсүнүн Манас көчөсүнөн Жаш Гвардия көчөсүнө чейинки бөлүгү 31-августка чейин оңдолуп бүтөрү айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

