“Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө” жаңы мыйзамга кол коюлду
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш ушул жылдын 19-июнунда кабыл
алган “КРнын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Бул тууралуу президенттин аппараты бүгүн, 15-июлда билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Мыйзам адвокатуранын, адвокаттык иштин укуктук негиздерин, ошондой эле адвокаттардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт. Муну менен өлкөнүн “Адвокаттык иш жөнүндө” 1999-жылдын 21-октябрындагы №114-мыйзамы күчүн жоготту деп табылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

