super.kg logo

Саламат Садыкова Алжирде жеке концертин берди

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова жана “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли Алжирде концерт беришти. Бул тууралуу Саламат Садыкова SUPER.KG порталына бүгүн, 15-июлда билдирди.

Белгилүү болгондой, Алжирде ыйык Орозо айынын урматына карата “Рамазан мубарак” аттуу маданий иш-чара өткөрүлүп, анын алкагында мукам үндүү Саламат Садыкова “Дива Саламат Садыкова” аталышында жеке концертин тартуулады. Ырчынын бул концертин “Камбаркан” ансамблинин музыканттары, алсак, маэстро Рысбек Жумакунов, улуттук үйлөмө аспаптарда жогорку чеберчилик менен бийик деңгээлде ойногон Совет Адрахаев, комузчу Гүлнара Раймалиева жана Аскар Куменов коштогон.

Иш-чарага дүйнөдөгү элдик классика жанрында аткарган белгилүү инсандар чакырылган.

“Биз орозодо жымжырт болуп жашайбыз го. Буларда Орозо айында жакшы саамалык бар тура, алар кечки 8де ооз ачылары менен күрүлдөп кадимки жашоого киришет экен. Кызыгы, концертти 23:00дөн баштап коюшат экен”,- дейт Саламат Садыкова.

Кыргызстандык артисттердин барып-келүүсүн Алжирдин Маданият министрлиги жана өкмөтү каржылаган.

Албетте, чебер музыканттардын бийик жоопкерчилигинин натыйжасында биз бул жолку сапарыбызда да жогорку деңгээлдеги концерт бердик. Ошондой эле Алжирдин маданиятты терең тааныган адистеринин купулуна толуп, алкыштарын угуп кайттык

Бул концертке бекеринен барып калган жокмун. Мен 2008-жылы Испанияда концерт берип жүргөндө дүйнөлүк маданиятка саресеп салган адистин көзүнө түшкөм. Ал менин чыгармачылыгыма баа берген эле. Мына ошол киши бул концертке чакыртыптыр. Алжирдин эли руханий маданиятты баалаган, карапайым калк экен. Бизди мурда таанып-билгендей эле дүркүрөтө кол чаап, жылуу кабыл алышты. 

Ийгиликти бир гана музыкант багындыра албайт. Ал ар бир музыкант өз жоопкерчилигин сезе билгенде гана жаралат. Дегеним, концертке бир ай даярданганыбыздын натыйжасында сапарыбыз байсалдуу болуп, “Камбаркан” ансамблине Алжирдин улуттук оркестри менен биргеликте достук концерт берүү боюнча сунуш түштү. Артист үчүн "келечекте иштешебиз" деген сөз - ийгиликтин дал өзү. Ошондуктан жакшы сөздөрдү укканым үчүн жамаатым менен сыймыктанып турам”,- дейт Саламат Садыкова өз сөзүндө.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
15.07.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Талантыныз ташкындай берсин Саламат эже
16.07.2014. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кыргыз жери деген ырын жакшы ырдаган бирок, башка ырлары жининди келтирет
16.07.2014. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз, ар дайым Кыргызстанды дуйно элине таанытып журо бериниз, биз сиз менен сыймыктанабыз!
16.07.2014. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз желегин,Кыргыз калкын тааныта бериңиз Саламат жене.
16.07.2014. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жакшы, азаматсыз.
16.07.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рамадан деген эмне рамазан мубарак болуп журбосун

16.07.2014. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
абдан сыйлайм ушул эжени
17.07.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эженин талантын сыйлайм,бироооок урушчагыраак !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: